14.06.2018 08:30

«Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттары 4 күнгө жабылат

«Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттары 4 күнгө жабылат

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттары 4 күнгө жабылат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Кытай тараптын демилгеси менен, Орозо айт жана Дуань-у-цзе (Акындар күнү) майрамынын белгиленишине байланыштуу  «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү пункттары 15-18-июнь күндөрү жабык болот. 

Жарандарды, унаа каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2018-жылдын 19-июнунда жанданат.